Асаналиева Эльнура Баямановна0 T Ff CjiqGGg Ccu67pr
Асаналиева Эльнура Баямановна (12. 6. 1967-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - Суусамырдагы алгачкы архивист.
Фрунзе соода техникумун бүтүргөн (1988).
Эмгек жолун 1984-ж. орто мектепти аяктагандан кийин Суусамыр совхозунда бала бакчада тарбиячы болуп баштаган. Кийинчерээк Суусамыр айылдык керек-жарак коомунда сатуучу (1988-94), Суусамыр совхозунда кассирэсепчи, кайрадан Суусамыр керек-жарак коомунда иштеген. 1997-ж. Суусамыр аймактык мамлекеттик архиви уюштурулгандан башкы архивист болуп эмгектенүүдө.
Ал Суусамырга тийиштүү архивдик материалдарды Жумгал, Панфилов жана Жайыл райондорунан чогултуп, Суусамырдын өзүндө топтоодо талыкпай иштеп келе жатат. Чал уруусунан.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9